Маймыл чечеги вирусу жайылып жатат: ДССУ эпидемия катары жарыялады

Автор

Дүйнөдө жаңы маймыл чечеги вирусу тез жайылып жатат. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эпидемияны коомдук саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү өзгөчө кырдаал катары жарыялады. Бул тууралуу ДССУнун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус билдирди.
Mash басылмасы жазгандай, мутант вирус Демократиялык Конго Республикасынан табылган. Бейтапканага бул вирусту жуктуруп алган 15 миң адам кайрылган. Демократиялык Конго Республикасынын жана континенттеги башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү бардык эл аралык аэропортторду жабууну пландаштырууда.
Оорунун белгилери катары лимфа түйүндөрүнүн чоңоюшу, булчуң, бел жана тамак оорулары, исиркек, ысытма жана алсыздык айтылууда. Вирус кадимки кол алышуу аркылуу жугат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча дүйнөлүк мелдеш өтөт

22-23-август күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу, II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионат болот. Мелдештин биринчи күнү Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу үчүн мелдештин алкагында алп күрөш өтөт. Ага Кыргызстандын атынан абсолюттук салмактагы балбандар Бактияр Мирлан уулу жана Бекболот Токтогонов катышат. […]

Сизге жагышы мүмкүн