Оор салмактагы легендарлуу Майк Тайсон азыркы кездеги анын сүйүктүү мушкерин атады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Маалыматка ылайык, Тайсон супер орто салмактагы мурдагы эки жолку чемпион Дэвид Бенавидести мыкты мушкер деп атаган.
Тайсондун айтымында, Бенавидес анын ишеничин багынтты, анткени бардык потенциалдуу атаандаштары аны менен рингге чыгуудан коркушат.
«Мага анын соккуларынын ырааттуулугу жана агрессивдүүлүгү жагат. Мындан тышкары, аны силките турган эч ким жок болчу. Бенавидез менин сүйүктүү мушкерим, анткени баары андан коркушат окшойт. Бул чынбы, билбейм, бирок аны менен эч ким таймашкысы келбейт”, – деди Тайсон.