Майк Тайсон рингге кайтып келет

Автор

Атактуу оор салмактагы мушкер, 58 жаштагы Майк Тайсон 2005-жылдан бери биринчи жолу профессионалдык рингге кайтып келет. Быйыл күздө анын атаандашы видеоблогер Джейк Пол болмокчу, деп жазат чет элдик спорт басылмалары.
Маалыматка ылайык, сегиз раунддан турган беттеш 15-ноябрга Техас штатында белгиленген. Бул үчүн 80 миң көрүүчүгө ылайыкташкан AT&T стадиону атайын бөлүнгөн. Бул тууралуу белгилүү промоутердик компания Instagram баракчасына жарыялады.
Кечээ Нью-Йоркто атаандаштар бири-бирин түртүп жиберген көз караштардын кармашы болду. Албетте, бул таймашты кызытуу максатында жасалган жана алдын ала жолугушуу достук эмес кырдаалда өттү.
Белгилей кетсек ,Майк Тайсон азыр 58 жашта. Ал профессионалдык карьерасын 2005-жылы аяктап, андан бери эки гана көргөзмө таймашын өткөргөн. Алардын акыркысы 2020-жылы дагы бир легендарлуу мушкер Рой Жонс менен болуп, тең чыгуу менен аяктаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Акшумкарлар сентябрь айында Иран, Өзбекстан курамы менен беттешет

Акшумкарлар сентябрь айында Иран, Өзбекстан курамы менен беттешет Кыргыз Республикасынын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына Түркияда даярданат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөнүн курама командасы 5-сентябрда Ирандын, 10-сентябрда Өзбекстандын спортчулары менен беттешет. Бул беттештерге даярдануу максатында курама команда 23-августтан тартып Түркиянын […]

Сизге жагышы мүмкүн