Оор салмактагы бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону, легендарлуу Майк Тайсон 1991-жылдын ноябрында башталган сот процессине чейин мусулман болгон. Бул тууралуу атактуу мушкер Championat.com сайтынын журналисттерине айтып берди.
“Мен исламды сотко чейин эле кабыл алгам. Ал менин чыныгы ишенимим болуп калды. Мен дагы деле мусулманмын жана боло берем. Мага ишеним жашоом үчүн бар болушум үчүн керек. Ыймансыз адамда эч нерсе жок. “Мен баары үчүн – үй-бүлөм үчүн, атүгүл көчөдөн өткөнгө ар бир адамга чейин жакшылык тилеп жатам” деди Тайсон.
Белгилей кетсек, анда спортчу зордуктоо боюнча айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган.