“Майк Тайсон – Жек Пол” беттеши: 2 билет 2 млн доллардан сатылды

Автор

Бокс тарыхындагы эң кымбат 2 билет 2 млн долларга сатылды. Аны сатып алгандар боксчуларды 1.80 см VIP бөлмөдө көрүп отуруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Беттешүүдөн кийин боксчулар менен сүрөткө түшүп, кичинекей соода жайдан каалаган нерсесин жеп, иче алышат.
27 жаштагы ютубчу Жек Пол “40 млн доллар утуу менен бирге легенданы кулата чабуу үчүн рингге чыгып атам”,- десе, 58 жаштагы Майк Тайсон “жалгыз гана өзүмү кайрадан сыноо үчүн келдим”,- деп маек берди.
Алар бүгүн, 15-ноябрда Техас шаарында беттешишет. Стадион 80 миң кишиге ылайыкталган. VIP орундуктар 10 миңден 50 миң долларга чейин сатылды. Учурда 9 млн доллар каражат түшкөнү айтылды. Ал эми боксчуларга 80 млн доллардан берилет.

Бөлүшүү:
Next Post

«Адилет» партиясынын өкүлү добуш сатып алуу менен айыпталууда

“Адилет” партиясынын талапкери үчүн иштеген жаранга “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш иш козголду. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматы тараты. Маалыматта айтылгандай, И. Н атту жаран “Адилет” партиясынан А. И нин пайдасына 113 кишинин добушун сатып алуу максатында 55.500 сом берген. Аны менен эле калбай 17 адамдын Мбанкына […]

Сизге жагышы мүмкүн