Американын Техас шаарында кылымдын беттеши башталды. Күйөрмандар сегиз раунддук беттешти көрүшөт, анын жыйынтыгы мушкерлердин профессионалдык рекордуна кирет.
58 жаштагы америкалык Майк Тайсон, лакап аты “Темир Майк” мурдагы абсолюттук дүйнөнүн оор салмактагы чемпиону. Анын профессионалдык рекорду 50 жеңиш, алты жеңилүү, дагы эки беттеш жараксыз деп табылган. Тайсон акыркы беттешин 2005-жылдын 11-июнунда өткөргөн.
27 жаштагы америкалык Джейк Пол популярдуу блогер, YouTube долбоорлорун жетектейт жана профессионал мушкер. Анын профессионалдык рекорду 10 жеңиш жана бир жеңилүү. Пол биринчи беттешин 2020-жылдын 30-январында өткөргөн.
Америкалык басылмалардын айтымында, Тайсон мушташы үчүн 20 миллион доллар, Пол эки эсе көп алаарына кепилдик бар. Ошол эле учурда мушкерлер акы төлөнүүчү берүүлөрдөн түшкөн кирешенин пайызын да эсептешет.