Мажарстандын президенти Каталин Новак отставкага кетти. Ал 2023-жылы апрель айында кетирген катачылыгы үчүн кызматтан кетээрин өткөн жуманын аягында жарыялаган эле. Каталин Новак педофилияга тийешеси бар бирөөгө ырайым кылганын президенттик мөөнөтү учурундагы катачылыгы деп эсептейт.
Эми Мажар парламенти жаңы президентти март айында шайламак болууда.