“Адахан Мадумаров кылмыш кылган болсо, жооп бериши керек. Оппозициянын Кемпир-Абад боюнча жыйынына ал киши барган, үнүн укканбыз. Ал эмес Исхак Масалиев деле экөбүз барганбыз деп айтып жатат”,- деп билдирди депутат Балбак Түлөбаев. Айрым маалыматтарда айтылгандай, камакта жаткандар “эмне үчүн Адахан Мадумаров жоопко тартылбайт. Ал деле биз менен болбоду”,- деген нааразычылыктарын билдиришкен. Бирок, кээ бир жарандар ага козголгон кылмыш иш саясий өңүттө деген пикирде. Адахан Мадумаров боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыгы 2-июнда ишин жыйынтыктайт.