Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун бөгөт чарасын карап, 9-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алды.
Эске салсак, Салимов 7-октябрда кармалган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу) боюнча шектелип жатат.