Маданият министри чет элдик ырчылардын келиши боюнча үн катты

Автор

Саналуу күндөн кийин Кыргызстанда эгемендүүлүк майрамы белгиленет. Ага бир катар чет элдик ырчылар келери айтылган. Ошондон кийин социалдык тармактарда чет элдик аткаруучулардын келүүсүнө каршы пикирлерин айткандар көбөйгөн. Буга байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов “Кабар” маалымат агенттиги маек уруп, пикирин билдирди.
Ал “Кайсы бир чоң иш-чара болуп жатса эле аны саясатка айлантканды токтотсок дейт элем. Россиялык ырчылар тобу өздөрү демилге көтөрүп, “Сиздердин Эгемендүүлүк майрамыңыздар жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен куттуктап коелу” деп жатышса, жок келбегиле демек белек?
Азыр Фейсбук же башка соцтармакта отуруп алып “Бул ырчы келсин, тигил келбесин, муну угабыз, тигини укпайбыз” деп аткандарга айтарым: “Бул майрамдык иш-чара жана ал жака биз эч кимди күчкө салып, бас, кел, ушуну ук” деп айтпайбыз. Аларды уккусу келбегендер укпай эле коюшсун. Көпчүлүк кубануу менен кабыл алып жатат. Азчылык көпчүлүккө баш ийиш керек.
Силерди мааракеңер, майрамыңар менен куттуктап коелу дегенди мамлекетибиздин кадыр-баркынынын өсүшү катары кабыл алышыбыз керек дейт элем. Мамлекетибиздин кадыры жок болсо кайсыл ырчы келип, белек катары ырдап берейин демек эле?
Мурда дүйнөлүк ырчыларды бул жакка коелу, коңшу өлкөлөрдүн ырчылары көңүл бурчу эмес. Өзүбүздүн ырчылар да ырдашат. Убакыт баарына жетет. Эң сонун, жогорку деңгээлдеги программа даярдап атабыз. Ала-Тоо аянтында мындай масштабдагы программа өткөрүлө элек десем болот. Бардыгы түз эфирде көрсөтүлөт”, -деп билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Моди менен Байден Украинадагы кырдаалды талкуулашты

АКШ президенти Жо Байден Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Тараптар Россия-Украина кагылышын жана Модинин Киевге болгон сапарын талкуулашты. Америкалык президент индиялык премьер-министрге Украинага көрсөтүлгөн гуманитардык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Нарендра Моди Жо Байден менен Украинадагы кырдаалды, ошондой эле башка аймактык жана глобалдык маселелерди талкуулаганын билдирди. «Биз […]

Сизге жагышы мүмкүн