Маданият ишмерлери Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл койду

Автор

Бүгүн, 7-декабрда маданият ишмерлери “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалын утурлай “Ата-Бейиттеги” Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын жана Ч.Айтматов атындагы орус улуттук драма театрынын чыгармачыл жамааты жана бир катар көрүнүктүү маданият ишмерлери катышып, улуу жазуучуну аны эскеришти.

Ага маданият министринин кеңешчиси Бактыбек Секимов, жазуучунун карындашы Роза Айтматова жана жакындары катышты.

Белгилесек, 7- 12-декабрь күндөрү Бишкек шаарында “Айтматов жана театр” VI эл аралык театр фестивалы өтөт. Ага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Россия, Азербайжан өлкөлөрүнүн театрлары Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизи

Бөлүшүү:
Next Post

Орусиядагы эл аралык турнирлерди тааныбоого чакырык жасалды

Жайкы жана кышкы спорттун эл аралык федерацияларынын ассоциациялары спортчуларды  2024-жылы Орусияда өтө турган мелдештерди тааныбоого чакырды. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин(МОК) сайтында айтылат. “Ар бир федерация мындай иш-чараларды өзүнүн эл аралык спорт календарына киргизүүнү кароодон баш тартышы керек жана спортчулардын бул мелдештерде жетишкен натыйжаларын тааныбашы керек” деп айтылат Эл […]

Сизге жагышы мүмкүн