МАГАТЭнин жетекчиси Курск АЭСине барууну пландап жатканын билдирди

Автор

Эл аралык атом энергиясы агенттигинин (МАГАТЭ) жетекчиси Рафаэль Гросси Украина куралдуу күчтөрүнүн Курск облусунун аймагына басып кирүүсүнөн улам Курск АЭСинин жабыркашы мүмкүн деген коркунучту олуттуу карап жатканын айтты. Ал Financial Times (FT) басылмасына берген маегинде келерки жумада станцияга барууну пландап жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, Гросси мырза визит учурунда станциянын жетекчилиги менен жолугуп, украин армиясы Сейм дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөлөрдү талкалагандан кийин ага баруучу жолдорду изилдөөнү пландап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда 7,8 миң бош жумуш орду бар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү максатында иш берүүчүлөр арасында бош орундарга талдоо жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 1-августка карата 7 миң 848 бош жумуш орду бар. Анын ичинен: – мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 203; – саламаттык […]

Сизге жагышы мүмкүн