МАГАТЭнин башкы директору Курск шаарына келди

Автор

Эл аралык атомдук энергия боюнча агенттиктин (МАГАТЭ) башкы директору Рафаэль Гросси Курчатов шаарына расмий сапары менен келип, Курск атомдук электр станциясын көрүп чыкты.
Сапардын алкагында АЭСтин объектилерин текшерип, коопсуздук деңгээлин баалап, станциянын жетекчилиги менен өзөктүк объекттерди эксплуатациялоо жана модернизациялоо маселелерин талкуулайт.
Ошондой эле «Росатом» мамлекеттик корпорациясынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуулары пландалууда. Тараптар МАГАТЭ менен Россиянын өзөктүк коопсуздук жана атомдук энергияны тынчтык максатта колдонуу боюнча кызматташтыгын талкуулашат.
Курск атомдук электр станциясы Россиядагы эң ири атомдук энергетика объекттеринин бири. Өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодо маанилүү ролду ойнойт.

Бөлүшүү:
Next Post

Паралимпиадада -2024: Кыргызстандык спортчулардын жүгүртмөсү

Эртең, 28-августта Парижде өтө турган Паралимпиадалык оюндарына Кыргызстандан төрт спортчу — пауэрлифтинг, триатлон, женил атлетика жана дзюдо боюнча катышат. Кыргызстандык спортчулардын Париждеги Паралимпиадалык оюндарда чыга турган күндөрү төмөнкү жүгүртмөдө берилген. 1-сентябрь 14:10 женил атлетика 1500 метр аралыкка чуркоо — Гүлназ Жүзбаева ( Юлия Фурнас коштоочу) 2-сентябрь 14:10 триатлон Айтунук Жоомарт […]

Сизге жагышы мүмкүн