Маанилүү беш документке кол коюшту

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Орусияга болгон расмий иш сапары аяктады. Ал 19-21-октябрда Орусиялык кесиптеши менен жолугушуп, бир катар документтерге кол койгон.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы беш документке кол коюлганын маалымдайт.
1. Саламаттык сактоо, медициналык билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу.
2. 2002-жылдын 16-апрелиндеги Кыргыз Өкмөтү менен Орусия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Эл аралык автомобиль ташуулары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Протокол.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду менен Россия Федерациясынын Пенсиялык фондунун ортосундагы пенсиялык камсыздоо жаатындагы маалыматтык өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашуу.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана Россия Федерациясынын Финансы министрлигинин, Россия Федерациясынын Борбордук банкынын ортосундагы калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандум.
5. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен Россия Федерациясынын Транспорт министрлигинин ортосундагы транспорт тармагында кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандум.

Бөлүшүү:
Next Post

Казань шаарында БРИКС XVI саммити башталат

Бүгүн, 22-октябрда XVI БРИКС саммити Казань шаарында Россия президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында башталат. Дүйнөлүк көпчүлүк өлкөлөрдүн лидерлери планетадагы курч кризистерди жана БРИКСке жаңы мамлекеттерди кошууну талкуулашат. Алгачкы жолу саммит “ондук” форматында өткөрүлөт. “Ондуктун” курамына Бразилия, Россия, Индия, Кытай, Түштүк Африка Республикасы, Египет, Иран, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравиясы жана […]

Сизге жагышы мүмкүн