Чет элдик студенттерге кол салган окуя боюнча коомчулукта талаш – тартыштар токтой элек. Бул маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында да козголуп, депутат Дастан Бекешев ички иштер министрлигин күнөөлөсө, депутат Элдар Абакиров “маалыматтык согушта эл аралык деңгээлде утулуп калдык. Соц тармактарда Кыргызстан жөнүндө терс пикирлер абдан көп. Андыктан, тышкы иштер министрлиги менен маданият министрлигине тапшырма берели, алар башка өлкөлөрдүн блоггерлери менен тил табышып, терс пикирди башка өңүткө бурсун”,- деди.