Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко белорус-украин чек арасында абал курч экенин билдирди.
Анын айтымында, Украина Куралдуу Күчтөрү өлкөнүн чек араларына өзүнүн аскерлерин топтогон. Лукашенконун баамында, белорус-украин чек арасында 120 миңден ашуун украиналык аскер кызматкерлери жайгаштырылган. Белоруссия да буга жооп катары чек аралардын бою боюнча өзүнүн аскерлеринин санын көбөйткөн.