Лукашенко Путинди туулган күнү менен куттуктады

Автор

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко Россия президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады. Куттуктоо телеграммасында Лукашенко Белоруссияда Россия президентинин туруктуу жана бекем позициясын, эки өлкөнүн өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө болгон принципиалдуу мамилесин жогору баалашарын белгиледи.
Буга чейин Владимир Путинди Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедов куттуктаган.
7-октябрда Владимир Путин 72 жашка толду. Россия лидери туулган күнүндө КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушууларды өткөрөрүн, майрамдык иш-чаралар пландалбаганын басма сөз катчысы Дмитрий Песков айткан.

Бөлүшүү:
Next Post

Токтогул суу сактагычында канча суунун көлөмү бар?

Бүгүн, 7-октябрга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 13 млрд 105 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ААКнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 303 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 114 куб метрди түзүүдө. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн