Лукашенко “Орешник” системасын Беларуска жайгаштырууну өтүндү

Автор

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко Россиянын президенти Владимир Путинден “Орешник” аттуу орус системасын Беларуссиянын аймагына жайгаштырууну өтүндү. Анын айтымында, бул эки мамлекеттин коргоо мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртат. Лукашенконун бул өтүнүчү Минскте өткөн Союздук мамлекеттин Жогорку мамлекеттик кеңешинин жыйынында айтылган.
Путин бул мүмкүнчүлүктү жокко чыгарган жок. “Бүгүн биз бардык күч жана каражаттарды колдонуу менен коопсуздуктун кепилдиктери боюнча келишимге кол койгондуктан, мындай комплекстерди, анын ичинде “Орешникти”, Беларусия Республикасынын аймагына жайгаштыруу мүмкүн деп эсептейм”,-деди Путин.
Өткөн жылдын март айынын аягында Россия президенти Владимир Путин Россиянын тактикалык өзөктүк куралын Беларуссиянын аймагына жайгаштырарын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты

Спортчу Айсулуу Тыныбекова турмушка чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди. «Өз адамыңа жолукканда сөз дагы ашыкча болот экен. Мен бакытты, жан дүйнө тынчтыгын жооп күтпөстөн, жөн гана аракет кылган адамдан таптым. Бул жыл мага дагы бир жеңиш алып келди. Бул сүйүү, жаңы жашоо жана үй-бүлө»,-деп жазды Тыныбекова. […]

Сизге жагышы мүмкүн