Лукашенко Кытайды технологияларын кеңири киргизүүгө чакырды

Автор

Мамлекет башчысы Александр Лукашенко Кытай тарапка Кытай технологияларынын Беларуссияга кеңири кирүүсүн камсыз кылууну эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн негизги милдети кылып аныктоону сунуштады. Бул тууралуу ал 22-августта Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьер-министри Ли Цян менен жолугушуу учурунда айтты.
“Сиздер өздүк глобалдык навигация системасын түздүңүздөр. Дүйнөдөгү эң чоң телескопту курдуңуздар. Кытай орбиталык станциясын иштеп чыктыңыздар. Кытай батареялар, күн панелдери, жогорку ылдамдыктагы поезддер, электромобилдер жана башка көптөгөн тармактарда лидерлик кылууда”,-деп бир нече мисал келтирген Александр Лукашенко СССР доорунан бери Беларусь микроэлектроника, машина куруу, космос тармактарын жогорку деңгээлде сактап келгенине көңүл бурду.

Бөлүшүү:
Next Post

Ташкентте Султан Раевдин "Тандалган чыгармалар" китебинин бет ачары өттү

Ташкентте Түрксой эл аралык уюмунун башкы катчысы, Кыргызстандын Эл жазуучусу, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Өзбекстан Жазуучулар союзунун ардактуу мүчөсү Султан Раевдин “Тандалган чыгармалар” аттуу китебинин бет ачары өттү. Иш-чаранын катышуучулары алгач Султан Раевдин өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмө менен таанышышты. Андан кийин мамлекеттик жана коомдук ишмер, дипломат, жана таланттуу […]

Сизге жагышы мүмкүн