Белоруссиялык космонавт Марина Василевскаяны Эл аралык космоско жөнөтүү 70 миллион долларга бааланган. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Александр Лукашенко билдирди. Ал Россия бардыгын даярдоо жана учуруу үчүн төлөп жатканын кошумчалады. «Сиздерге айтып коеюн. Бул арзан иш эмес. Учуу 70 миллион долларды түзөт»,-деди президент жана аны космоско жөнөтүүдө жана долбоорду каржылоодо көрсөткөн жардамы үчүн Россия Федерациясына ыраазычылык билдирди.
Лукашенконун айтымында, Беларус өзүнүн космодромун курууну же ракеталарды жасоону пландабайт, анткени космосту изилдөөгө байланыштуу долбоорлорду Россия менен бирге ишке ашыруу оңой.
23-мартта Беларустун биринчи космонавты Марина Василевская «Союз МС-25» космос корабли менен МКСга учуп кеткен. Ал 6-апрелде Жерге кайтып келет.