Лукашенко “КМШ үй-бүлөсүн” мурдагы курамына кайтарууну каалады

Автор

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко Москвадагы саммитте мурдагы курамдагы «КМШ үй-бүлөсүн» калыбына келтирүүнү каалай турганын билдирди. «Биздин үй-бүлөбүзгө Грузия кайтса, Молдова толук кандуу катышуусун калыбына келтирсе, Украина бийлиги ойлонсо, алардын нормалдуу жашоосун калыбына келтирүүгө катышууга туура келет деп каалар элем. Бул жөн гана убакыт маселеси»,-деди ал.
Лукашенко КМШны барктап, баалуулуктарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Биздин КМШдан ажырап кете элек өлкөлөр бүгүн жакшы жыйынтыктарды көрсөтүп жатышат. Алар өлкөнүн башкаруусун жоготушкан жок жана эл аралык мамилелердин толук кандуу субъекттери бойдон калышууда»,-деп билдирди президент.
8-октябрда Москвада Россия президенти Владимир Путиндин төрагалыгы менен КМШ өлкөлөрүнүн саммити өттү. Борбордо сегиз өлкөнүн, Казакстан, Азербайжан, Армения, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Беларусь жана Тажикстандын лидерлери чогулду.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, өлкөнүн почта кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу почта кызматкерлери жана бул тармактын кадырлуу ардагерлери! Урматтуу мекендештер! Кыргыз Республикасынын почта кызматы кагазга кат жазып же телеграмма жиберген учурлардан тартып, бүгүнкү заманбап санарип тейлөө кызматына же электрондук коммерцияга чейин бүтүндөй бир […]

Сизге жагышы мүмкүн