Лукашенко жетинчи мөөнөткө шайлануу ниетин билдирди

Автор

Беларусиянын президенти Александр Лукашенко алдыдагы шайлоолордо кайрадан президенттикке ат салыша турганын билдирди. Ал бул чечимин БРИКС саммитинде Казанда орус телеалпаруучусу Ольга Скабееванын суроосуна жооп берип жатып айткан.
Журналист Лукашенкодон алдыдагы шайлоого катышасыңарбы деп сураганда, ал: «Ооба, Оля, барам!» деп жооп бергенин телеведучу өзүнүн Telegram-каналында жазган.
Беларусияда президенттик шайлоо 2025-жылдын 26-январында өтөт.
Александр Лукашенко 1994-жылдан бери бийликте. Учурда анын алтынчы президенттик мөөнөтү аяктап баратат. Беларусиядагы акыркы шайлоо 2020-жылы өткөн, анда Александр Лукашенко биринчи турда 80,1 пайыз добуш алган.

Бөлүшүү:
Next Post

25-октябрдын аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 25-октябрда түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй облусундатүнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19 Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17 Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +18…+23 Ысык-Көл облусуда түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15 […]

Сизге жагышы мүмкүн