Беларуста жүргөн Вагнер компаниясынын согушкерлери белорус аскерлери менен тажрыйба бөлүшөт. Бул үчүн алар Брест жана Польша менен чек арага жакын Гродно шаарларындагы бөлүктүн базаларында жайгашса болорун республиканын президенти Александр Лукашенко билдирди.
29-июлда Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецки Сувалки коридорун көздөй Вагнердин жоокерлери жылганы тууралуу айткандарга ушундай түшүндүрмө берди.