Лукашенко: Беларуссияга кол салуу үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышы болот

Автор

Беларуссиядагы Элдик биримдик күнү боюнча өткөн салтанаттуу иш-чарада президенти Александр Лукашенко үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышы тууралуу айтты.
“Биз өз жерибизде өз акылыбыз жана эмгегибиз менен жашоого умтулган элбиз. Биримдик – бул улуттун өнүгүшүнүн негизги шарты. Ошондуктан бизди жугуштуу илдет, 90-жылдардын кыйынчылыктар, пандемиялар, түстүү көтөрүлүш аракеттери, талап-тоноочу санкциялар жана аскердик коркунучтар жеңе алган жок”,-деди өз сөзүндө президент Александр Лукашенко.
Ал Беларусия цивилизациялардын кесилишинде тургандыктан, дайыма башка элдердин согуштары үчүн сыноо аянтчасы болуп келгенин жана күчтүү державалардын талаш-тартыштарынын ордуна айланганын белгилеп, эми Беларустун тышкы агрессияга жооп бере тургандай куралы бар экенин кошумчалады. “Мен буга чейин айткам. Тынчтыгыбызды алсыздык деп түшүнбөңүздөр. Бул тууралуу айткандарымды кырдаалды курчутуп жатат деп кабыл албаңыздар. Азыр бизде мурда болуп көрбөгөндөй жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк бар. Биз бардык жолдордун кесилишинде жашап келебиз. Бул боюнча атаандаштарыбызды, душмандарыбызды жана али түшүнбөгөндөрдү эскертип койгум келет. Муну кылбагыла! Бул Европа аймагына гана эмес, бүтүндөй планетага пайда алып келбейт. Беларуссияга кол салуу, муну эстеп калыңыздар – бул үчүнчү дүйнөлүк согуш болот”,-деп баса белгиледи Беларуссиянын лидери.
Жыл башында Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко анын өлкөсү мүмкүн болгон согушка даяр болушу керектигин билдирген. Ошол эле учурда ал өлкөгө жаңжалдын кереги жок экенин кошумчалаган.

Бөлүшүү:
Next Post

"Аю Холдингдин" мурдагы президенти кармалды

“Аю Холдингдин” мурдагы президенти уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кримавторитет Камчы Асанбек (Көлбаев) менен каржылык байланышта болгон “Аю Холдинг” компаниясынын мурдагы президенти О.Б.А. кармалды. Мындан тышкары, кармалган О.Б.А.нын Өзбекстандын кылмыштуу тобунун лидери, 2024-жылдын август айында КР аймагында издөө жарыяланган Салим […]

Сизге жагышы мүмкүн