Лос-Анжелестин 50 миңден ашуун тургунуна кайра өрт чыкканы эскертилди

Автор

Лос-Анжелес шаарынын түндүк тарабында жаңы токой өртү чыгып, 20 чарчы чакырымдан ашуун аймакты каптады. 50 миңден ашуун адамга эвакуация буйругу жана эскертүүлөр берилди.
«Өрт 22-январь күнү эртең менен чыккан. Бир нече сааттын ичинде жалын 39 чарчы чакырым аймакты талкалап, токтобой жайылып жатат. Куткаруучулар аны токтотууга чоң аракеттерди жасап жатышат»,-деди Калифорниянын токой чарбасы жана өрттөн коргоо департаментинин башчысы Жо Тайлер.
7-январда Лос-Анжелес округунда башталган токой өрттөрү штат тарыхындагы эң чоң деп табылды. Метеорологдордун айтымында, кургак жана шамалдуу аба ырайы өрттүн тез жайылышына негизги себеп болгон. Жалпы өрт каптаган аянт 16 миң гектардан ашып кеткен. Тилсиз жоо 25 адамдын өмүрүн алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандын балбандары Иван Ярыгин кубогуна катышат

Бүгүн, 23-январда Красноярск шаарында эркин күрөш боюнча Иван Ярыгиндин кубогу үчүн 36-эл аралык турнир башталат. Орусиянын Күрөш федерациясынын сайтында маалымдалгандай, мелдешке 17 өлкөнүн балбандары катышат. Тактап айтканда Орусиядан тышкары Азербайжан, Беларусь, Венгрия, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Куба, Кыргызстан, Мексика, Монголия Красноярск , Түндүк Македония, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан жана Түштүк Кореянын […]

You May Like