Кытай элинин улуу акындарынын бири Ли Бо кезинде биздин Токмоктун тегерегинде туулган. “Или” деген байыркы кыргыз тилинде “акылмандык менен тереңдикти” же бүгүнкү тил менен айтканда “Руханий байлыкты”, ал эми “Бай” деген сөз материалдык байлыкты түшундүрөрүн, дегеле кайсыл мамлекетте болбосун акылмандык менен байлык ашташкан өлкө гүлдөйт, өнүгүп өсөт, Улуу Кытай эли дал ошол руханий байлык менен материалдык байлыкты бири-биринен ажыратпай, бирин бирине бастырып тепсетип жибербей, экөөн бирдей тең салмакта кармап келаткандыгы үчүн гүлдөп өсүүдө, силердин улуу акыныңар, биздин улуу жердешибиз Или Бай мына ошол “тереңдик” менен “байлыктын”символу болуп эсептелет.
* * *
КӨК КАШКА ӨЗӨН ТУУРАЛУУ ЫР
Көк кашка өзөн,
Көк кашка суу,
Көктүгүңдөн бир жанбастан таза актың,
Таза агам деп канча өмүрдү тазарттың,
Көөдөнүңө боюм таштап, көңүлүмдү жашарттым,
Миң дайрага бербей турган бир өзүңсүң чалкыган,
Миң сан гүлдөр толкунуңду бешик кылып калкыган.
Көпөлөктөр учуп-конуп, жээгиңде кылаалап,
Көгүш талдын көкүлү тур саган гана ылаалап.
Аптап жондон тердеп-кургап түшүп келет кыялап,
Ысыгандан чыдай албай чечип салып бүт баарын.
Таштар жатат кучагыңда жыпжылаңач, жылаңач,
Көлөкөсү түшөт сага булуттардын куштардын,
Көлөкөсү түшөт сага күнгө күйгөн кыздардын.
Кечки ымыртта маймылдардын үнү гана угулат,
Ким бирөөнүн желаргысы Ай нуруна урунат.
АЯЛЫМА
Мейли мен күндө мас болуп,
Кайгымды арак бөлүшсүн.
Көралбас достор кас болуп,
Ичтери тарып өлүшсүн.
Жары эмес ушак-айыңдын,
Жар эмес жалаа, чагымдын,
Жараткан сүйүп кошулган,
Жарысың Ли Байыңдын.
Билип жүр бийик атыңы,
Биз үчүн эми киши эмес,
Чжоу-Цзе менен катыны.
МУҢ
Алыстан албай көздөрүн,
Айнектен тиктейт жалдырап.
Жүрөктө санаа, көздө муң,
Кимди эстеп сулуу кайгырат?
ТҮНКҮ САГЫНЫЧ
Төшөгүмдөн табуучудай
Айдын нуру түнөгүн.
Ак кыроого ороп салды
Бир заматта түн өңүн.
Ак чач тоонун аржагында
Ата Журтум түнөгүм.
Тууган жерим көзгө элестеп,
Сыздап турду жүрөгүм.
ТҮНКҮ ОЙЛОР
Ай мунары акырын шоолаланды,
Кыроо түштү төшөгүм турган жерге.
Баш көтөрсөм-көрөмүн тоодогу Айды,
Башымды ийсем-жүрөмүн тууган жерде.
ТҮНКҮ САНАА
Айдын нуру төшөгүмө себилди,
“Кыроо басты” дедим байкуш жеримди.
Өйдө болсом-үнсүз тиктейт Айлуу тоо,
Ылдай болсом-ойлойм тууган жеримди.
САРЫ ТУРНА САРАЙЫНАН МЭН ХАОЖАНДЫ
ГУНЛИНГЕ УЗАТУУ
Сары Турна сарайынан Гуанлинге узаттым,
Досум улам сиңип барат туманына гүлдөрдүн.
Күмүштөнгөн жакты көздөй, учат санаа учат муң,
Күңгүрөнүп дайра гана күүсүн чалат күндөрдүн.
БУТКАНАДАГЫ ТҮН
Тоо башында бутканага көзүм түштү чачырап,
Жылдыздарга кол тийселе кулачудай шатырап,.
Үн чыгарып сүйлөгөндөн коркуп бастым акырын,
Арбактардын тынчын албай чыксам экен батыраак.
Которгон Шайлообек Дүйшеев