“Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси France Football журналынын тандоосу боюнча дүйнөнүн эң мыкты футболчусуна берилген “Алтын топ” сыйлыгын сегизинчи жолу жеңип алды.
Салтанат Париждеги Шателет театрында өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча алдыңкы үчтүккө Килиан Мбаппе («Пари Сен-Жермен») жана Эрлинг Холанд («Манчестер Сити») кирди.
2023-жылдын августунан бери аргентиналык америкалык “Интер Майами” клубунда ойноп, өткөн сезондо “Пари Сен-Жермен” менен Франция чемпиону болгон. Аргентина курама командасынын курамында Месси Катарда өткөн Дүйнө чемпиондугун жеңип, турнирдин баалуу оюнчусу катары таанылган.
Эске салсак, “Алтын топту” France Football 1956-жылы Европанын жылдын эң мыкты футболчусуна (спорттук журналисттер тобунун пикирине таянып) сыйлык катары негиздеген.2010-жылы ФИФА менен France Football “Алтын топтун” бириккенин жарыялаган. Алтын топ жана ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу сыйлыктары (улуттук команданын капитандары жана машыктыруучуларынын добушунун негизинде аныкталат.) 2016-жылдын сентябрь айында France Football ФИФА менен өнөктөштүгүн аяктаганын жарыялап, алгачкы жылдын мыкты оюнчусу системасына кайтып келген.