Лионель Месси 2025-жылы жаңы бизнес ачат

Автор

Интер Майами жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси кийинки жылы жаңы бизнес ачууну пландоодо. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
Маалыматка ылайык, “Алтын топтун” 8 жолку жеңүүчүсү Месси бренддик велосипеддерди чыгаргысы келгенин билдирди.
37 жаштагы футболчу велоспорттун чоң күйөрманы жана велосипедде көп машыгууларды өткөргөн.
Месси жана анын командасы велосипед рыногуна 2025-жылдын аягына чейин кирүүнү пландаштырышкан:
«Месси дүйнөдөгү эң мыкты велосипеддер менен барабар жогорку сапаттагы атайын моделди чыгарат. Велосипед дүйнөлүк класстагы велосипедчи менен биргеликте чыгарылат жана анын баасы 10 000 евродон 15 000 еврого чейин болот», – деп билдирет Relevo.

Бөлүшүү:
Next Post

Маск Байдендин жардам сураганын жактырган жок

Америкалык ишкер Илон Маск АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украинага кошумча аскердик жардам катары 24 миллиард доллар сураганы тууралуу маалыматка терс реакция билдирди. Байдендин суранычы тууралуу жарыяга жооп катары «Бул нормалдуу эмес»,-деп жазды Маск X социалдык тармагындагы аккаунтунда. Politico басылмасынын маалыматы боюнча АКШ президенти Конгресске бул өтүнүчтү жашыруун жолдогон. Басылма […]

Сизге жагышы мүмкүн