Аргентина курама командасынын жана “Интер Майами” клубунун чабуулчусу Лионель Месси өзүн-өзү сынга алгандыгын айтты.
Атактуу футболчу “Кичине кезимден эле мен өзүмдү сындачумун жана азыр да ошондоймун. Футболго байланыштуу сын болгондо, ар бир адам өз оюн эркин айта алат. Бирок бул мени тынчсыздандырбайт. Мен биринчи сынчым өзүммүн. Эмненин туура же туура эмес кылып жатканымды эң биринчи өзүм айтышым керек”, -деп Big Time подкастына билдирди.
Месси “Барселонанын” бүтүрүүчүсү, ал 2003-жылдан 2021-жылга чейин ойногон. Андан кийин ал ПСЖда эки сезон өткөрүп, өткөн жайдан бери АКШнын Интер Майаминин түстөрүн коргоп келет.
Эске салсак, Лионель Месси дүйнөдөгү эң көп медаль алган футболчу жана 2024-жылы 20-июндан 14-июлга чейин АКШда өтө турган Америка Кубогунда улуттук курама командада ойноону пландоодо.