Лионель Месси эмки жумада футбол талаасына кайтат

Автор

Аргентиналык атактуу футболчу, “Интер Майами” клубунун жылдызы Лионель Месси футбол талаасына кайтып келет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жар салды.
Маалыматка ылайык, аргентиналык футболчу 1-сентябрда боло турган MLS матчына чыгышы күтүлүүдө.
Жакынкы күндөрү томугунан алган жаракатынан айыгып жаткан 37 жаштагы аргентиналык чабуулчу машыгууга кайтып келиши керек.
Ошол эле учурда Мессинин 1-сентябрга белгиленген Чикаго менен конокто MLS матчында жаракатынан айыгууга үлгүрүшү мүмкүн деген вариант бар.
Белгилей кетсек, Месси «Интер Майамиде» 2023-жылдын июлунан бери ойноп келет. Учурдагы MLS турниринде чабуулчу 12 оюнда 12 гол киргизип, 9 ассистти каттаган.

Бөлүшүү:
Next Post

Жанар тоонун атылышына байланыштуу эвакуация жарыяланды

Исландияда Гриндавик шаарынын жанындагы Сундхнукур вулканынын атылышынан улам жакын жайгашкан аймакта тургундарды көчүрүү иштери башталды. Жергиликтүү өрт өчүрүү кызматынын өкүлү көчүрүлүүгө тийиш болгон адамдардын так саны белгисиз экенин белгиледи. Ошол учурда Исландиянын метеорология кызматынын өкүлү Бенедикт Офейгссондун айтымында, жердеги жаракадан агып чыккан магманын жайылышы 1,5 чакырымды түзгөн. Лава 6 чакырым/саат […]

Сизге жагышы мүмкүн