Лионель Месси футбол карьерасында 46-жолу чемпион болду

Автор

Лионель Месси ойногон “Интер Майами” командасы АКШ чемпионатында “Колумбус Крю” командасын 3:2 эсебинде жеңип, мөөнөтүнөн мурда кезектеги сезондун жеңүүчүсү болду.
Бул беттеште Месси дубль жасаса, Луис Суарес командасынын дагы бир голун киргизди.
Жеңиш “Интерге” 68 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда кезектеги сезондун жеңүүчүсү болууга мүмкүндүк берди.
Белгилей кетсек, Аргентина курама командасынын курамында дүйнө чемпиону жана “Алтын топтун” сегиз жолку ээси Месси үчүн бул кубок анын карьерасындагы 46-кубок болуп калды. Бул рекорддук көрсөткүч. Криштиану Роналдунун эсебинде 37 кубок бар.

Бөлүшүү:
Next Post

4-октябрдын аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 4-октябрда түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. . Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы […]

Сизге жагышы мүмкүн