Аргентинанын капитаны Лионель Месси 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна катышпайт. Бул тууралуу футболчу өзү билдирди.
Аргентинанын футбол боюнча улуттук курама командасы лидери жана капитаны жок дүйнө чемпиондугуна катышат. Лионель Месси кийинки дүйнө чемпионатында ойнобойт.
“Мен 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына катышпай турганымды буга чейин эле айткам. Менин оюм өзгөргөн жок. Мен ырахат менен футболду көрөм, бирок катышпайм”, – деп айтты.
Лионель Месси “Пари Сен-Жерменден” “Интер Майамиге” өттү. Кийинки футбол боюнча дүйнө чемпионаты 2026-жылы бир эле учурда үч өлкөдө – Мексика, АКШ жана Канадада өтөт.