“Интер Майами” клубунун тең төрагасы Хорхе Мас 37 жаштагы команданын чабуулчусу Лионель Месси менен 2025-жылдын 31-декабрында аяктаган келишимди узартуу тууралуу суроого жооп берди.
«Мен анын 2026-жылы биздин жаңы стадионду ачарына абдан ишенем. Сезондо мен Лео менен баарлашам. Анын ден соолугу жакшы болсо, биз аны кызгылт түстө көрөбүз (Интер Майами формасынын түсү). Мен буга оптимисттик көз караштамын, – деп айткан Маст X социалдык тармагында.
Эске салсак, Аргентиналык футболчу 2023-жылдын жайынан бери “Интер Майамиде” ойноп келет. Transfermarkt порталында берилген маалыматка караганда, футболчунун базар баасы 25 миллион еврону түзөт.