Лионель Месси быйылкы “Алтын топ” сыйлыгынын ээсин атады

Автор

Аргентина курама командасынын капитаны жана «Интер Майами» клубунун чабуулчусу Лионель Месси “Алтын топ” сыйлыгынын ээсин атады.
Футбол жылдызынын айтымында, анын мекендеши, италиялык “Интердин” чабуулчусу Лаутаро Мартинес сыйлыкка татыктуу. Ал France Football ардактуу сыйлыгына 30 талапкердин арасында болгон.
“Ал кызыктуу жылды өткөрдү. Ал Америка финалында гол киргизип, эң мыкты бомбардир болду. Ал “Алтын топко” башкалардан көбүрөөк татыктуу”, – деп Мессинин сөзүн келтирет Gazzetta dello Sport.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Мартинес “Интер” менен Италиянын чемпиондугун жеңип, А Сериясында сезондун эң мыкты бомбардири болду, ошондой эле Аргентина курама командасы менен Америка Кубогун жеңип, турнирдин мыкты бомбардири болду.
Месси өзү “Алтын топту” сегиз жолу жеңип алган. Ал учурда сыйлыктын ээси. Быйыл 21 жылдан бери биринчи жолу аргентиналык бул сыйлыкка көрсөтүлгөн жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Харрис башкаруусу Байдендикинен айырмаланарын айтты

АКШнын Демократиялык партиясынан президенттикке талапкер, өлкөнүн вице-президенти Камала Харрис Fox News телеканалына берген маегинде шайлоодо жеңишке жетсе, анын башкаруусу учурдагы президент Жо Байдендикинен айырмаланарын билдирди. «Так айтайын. Менин башкаруум Жо Байдендин президенттигинин уландысы болбойт. Ар бир жаңы президент кызматка киришкенде, өзүнүн жашоо жана кесиптик тажрыйбасын, идеяларын алып келет»,-деди Харрис. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн