Лионель Месси “Алтын топ” сыйлыгына ат салышчу оюнчуларды атады

Автор

Аргентина курама командасында дүйнө чемпиону Лионель Месси өзүнүн доорунан кийин “Алтын топ” сыйлыгына ат салышчу оюнчуларды атады.
“Мен жакынкы бир нече жылда Эрлинг Холанд, Килиан Мбаппе жана Винисиус Жуниор сыяктуу оюнчулардын ортосунда абдан сонун атаандаштык болушу мүмкүн экенин көрүп турам”, – деди “Алтын топ” сыйлыгынын сегиз жолку ээси Лионель Месси L’Equipe басылмасына.
Месси ошондой эле “Барселона” клубунда ойногон Ламин Ямалды белгилеп “Бирок ал дагы эле жаш жана келечекте титулдар үчүн күрөшүп, чоң роль ойнойт”,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Лукашенко космоско учуу канчага турганын айтты

Белоруссиялык космонавт Марина Василевскаяны Эл аралык космоско жөнөтүү 70 миллион долларга бааланган. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Александр Лукашенко билдирди. Ал Россия бардыгын даярдоо жана учуруу үчүн төлөп жатканын кошумчалады. «Сиздерге айтып коеюн. Бул арзан иш эмес. Учуу 70 миллион долларды түзөт»,-деди президент жана аны космоско жөнөтүүдө жана долбоорду каржылоодо көрсөткөн […]

Сизге жагышы мүмкүн