Лионель Мессинин өзгөчөлүгү айтылды

Автор

“Интер Майами” клубунун башкы машыктыруучусу Жерардо Мартино  аргентиналык чабуулчу Лионель Мессинин мүнөзү тууралуу ой бөлүштү.

“Месси “Нэшвилл” клубу менен голсуз тең чыккандан кийин абдан  капа болду. Мен ага: “Эс ал, биз ар бир оюнда жеңе албайбыз” деп айттым. Биз тең чыгууга мүмкүнчүлүгүбүз жок, бирок өсүү жолдорун издешибиз керек.” Месси оюнда жеңилип калгандай болуп аябай капа болду. Биз дагы эле өзүбүздү табууга аракет кылып жатабыз, бирок Месси  тынымсыз жеңишке умтулат жана бул абдан жакшы. Бул менталитетти өзгөртүү кыйын. Мен бул менталитети эч качан өзгөрткүм келбейт. Бул аны мындан да мыкты кылып турат “, – деди Мартино.

Эске салсак, Месси жайкы трансфер терезесинде “Интер Майами” клубуна өткөн. Бул сезондо ал 11 матчка катышып, 11 гол киргизип, 5 ыңгайлуу учур жаратып берген.

Бөлүшүү:
Next Post

16-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 16-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,   Талас өрөөнүндө түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +25…+30,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,   Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.   Бишкекте […]

Сизге жагышы мүмкүн