Лионель Мессинин “Интер Майами” клубундагы айлыгы айтылды

Автор

АКШнын Жогорку футбол лигасы “Интер Майами” клубуна жаңы келген аргентиналык Лионель Мессинин айлыгы белгилүү болду. Бул тууралуу клубдун башкаруучу ээси Хорхе Мас жарыялады.

Анын айтымында, “Интер Майами” менен түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык, Месси жылына 50 миллион доллардан 60 миллион долларга чейин киреше табат.

“Месси бул клубду дүйнөдөгү эки же үч чоң лиганын бирине айланта алат” дейт Мас. “Менимче, ал өзүнүн изин калтыргысы келет жана муну футболдон тышкары да жасай алат. Ал пенсияга чыкканда, клубда үлүшү бар».

Эске салсак, Месси «Интер Майами» менен келишимге француздардын «Пари Сен-Жермен» клубу менен келишими аяктагандан кийин кол койгон. Париждиктер үчүн Месси эки сезон ойноп, анын ичинде Франциянын эки жолку чемпиону жана өлкөнүн Суперкубогунун ээси болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

4-июлга карата аба ырайы

Эртең, 4-июлда өлкөнүн тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33   Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31   Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36   Ысык-Көл […]

Сизге жагышы мүмкүн