Лионель Мессинин жубайы 8 миллион акчасын уурдатты

Автор

Аргентинанын Росарио шаарында белгилүү футболчу Лионель Мессинин жубайы Антонелла Рокуццого таандык супермаркеттин унаасы тонолгон. Кылмышкерлер Рокуццонун эжеси айдаган унаадан 8 миллион песо уурдап кетишкен.

Кылмыш 22-ноябрь күнү эртең менен Антонелла Рокуццонун  агасы Агустина менен дүкөндүн дагы эки кызматкери банкка накталай акча ташып баратканда болгон. Ак түстөгү унаадан эки белгисиз адам түшүп, терезени сындырып, ар биринде 4 миллион песо  болгон эки баштыкты уурдап кетишкен. Алар машинага да ок чыгарган

Каракчылыктын натыйжасында эки жүргүнчү жабыркап, алар жеңил жаракат алып, шок абалында экени аныкталган. Дарыгерлер аларга керектүү жардамдарды көрсөтүштү.

Бөлүшүү:
Next Post

24-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

24-ноябрда күндүз жаан-чачын жаабайт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 11…16;   Талас жергесинде түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16;   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…5, күндүз 10…15;   Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;   Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, […]

Сизге жагышы мүмкүн