Белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров лидерликтен кетти. Мындан ары “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын фракция лидерлигин депутат Исхак Масалиев жетектейт. Мындай маалыматты Гуля Акматкулова билдирди.
Ал Адахан Мадумаровдун соттук иштерине байланыштуу лидерлик милдеттеринен баш тартканын айтты. Ал эми Исхак Масалиев башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаевадан Кемпир-Абадчылар жана Адахан Мадумаров боюнча чуулгандуу сот иштери тууралуу маселе көтөрдү.