“Ливерпуль” клубуна жаңы машыктыруучу келди

Автор

Англиялык “Ливерпуль” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп голландиялык Арне Слот дайындалды. Бул тууралуу команданын маалымат кызматы билдирди.
45 жаштагы Слот менен келишимдин шарттары айтыла элек.
Бул кызматка Слот 2015-жылдан бери команданы жетектеп келген немис адиси Юрген Клопптун ордуна келди. Анын жетекчилиги астында “Ливерпуль” 2019-жылы Чемпиондор Лигасын жеңип, 2020-жылы 30 жылдан бери биринчи жолу Англиянын чемпиону болгон. Команда ошондой эле Лига Кубогун, Англия Кубогун жана Суперкубогун, УЕФАнын Суперкубогун жана Клубдар боюнча Дүйнө чемпиондугун жеңген.
2019 жана 2020-жылдары Клопп Эл аралык футбол федерациясы тарабынан эң мыкты машыктыруучу деп табылган.

Бөлүшүү:
Next Post

23-майга карата аба ырайы

Эртең, 23-майда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде […]

Сизге жагышы мүмкүн