Ливан Израилдин агрессиясына каршы даярдыгын билдирди

Автор

Ливандын куралдуу күчтөрү Израил менен болгон түштүк чек араларда жайгашып, Израилдин агрессиясына мүмкүнчүлүктөрүнүн алкагында каршы турууга даяр экенин армиянын билдирүүсүндө айтылат.
“Биздин күчтөр мекенибиздин бүт аймагында, анын ичинде түштүк чек араларда жайгашкан. Биз өз жерибизди мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чегинде коргоого даярбыз”,-деп жазылган билдирүүдө.
Ошондой эле армиянын командачылыгы ок атышууну токтотуу боюнча дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн оң натыйжаларына үмүт артарын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

“Улуттук электр тармагынын” директорунун орун басары кармалды

Коррупциялык көрүнүштөргө аралашкан “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААКнын башкы директорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Иш-чаранын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан калкка электр энергиясын керектөө системалары үчүн тетиктерди сатып алууда “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААК жетекчилигинин коррупциялык схемаларга аралашканы аныкталган. Бул факт боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн