Ливанда гуманитардык кырдаал кооптуу деңгээлге жетти

Автор

Ливанда убактылуу өкмөттүн социалдык иштер министри Хектор Хаджар өлкөдө гуманитардык абал кырсыктын чегине жеткенин билдирди. “Ливандагы гуманитардык кырдаал кооптуу сыноого туш болду. Өкмөт бардык кыйынчылыктарга карабастан, колдон келген аракеттерин көрүүдө”,-деди Хаджар. Министр жардам көрсөтүүдө бир миллионго жакын качкындардын агымы чоң тоскоолдуктарды жаратып жатканын белгиледи. “Сириялык качкындардын лагерлерин таштап, борбордук райондорго көчүп кеткени жагдайды оорлотту. БУУнун качкындар боюнча жогорку комиссары мурда сунушталгандай чатыр шаарчаларды куруу идеясынан баш тартты”,-деп түшүндүрдү Хаджар. Анын айтымында, убактылуу жайгаштыруу борборлору 150 миңге жакын адамды кабыл алган, бирок азык-түлүк менен камсыздоого мүмкүнчүлүк 50 пайызды түзөт. 400 миң качкын орундардын жетишсиздигинен улам борборлорго жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүнөн куру калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидер айымдарынын форуму башталды

Бишкек шаарында 3-4-октябрда Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар диалогунун форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Иш-чаранын максаты – “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” күн тартибин ишке ашыруу, ошону менен бирге Борбор Азия регионунда тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөө үчүн аймактык кызматташтыкты чыңдоо. Форумга Жогорку Кеңештин депутаттары, ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстандын […]

Сизге жагышы мүмкүн