Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.
Боршайкомдун маалымат кызматы билдиргендей, шайлоочулардын эң көп добушун алган 39 жаштагы Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болду. Ал үчүн 5 279 шайлоочу (26,17%) добуш берген.