№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны онго жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 10-апрелге карата БШКга арыз менен 10 талапкер кайрылган. Алар:
- Булекбаев Эркин Касымович;
- Кунакунов Максат Касымжанович;
- Арзыкулов Марат Замирбекович;
- Нурланбеков Актилек Нурланбекович;
- Камбаров Мирлан Адилбекович;
- Иманкулов Бекзат Муратович;
- Абдылдаев Азат Шералиевич;
- Калыков Улугбек Абдисатарович;
- Исмаилова Карачач Джумаевна;
- Сакиев Нурлан Казыбекович.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.
Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.