Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 26га жетти

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюу ниетин билдиргендердин саны 26га жетти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо талапкерлигин добушка коюу ниети жөнүндө талапкер Аттокур уулу Илимбектен (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү.

Буга чейин Эркин Бөлөкбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков, Мирлан Камбаров, Бекзат Иманкулов, Азат Абдылдаев, Улугбек Калыков, Нурлан Сакиев, Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Роман Мокейчук, Аким Маликов, Өмүрбек Баклиев, Турсун Сувиев, Аким Маликов, Турсун Сувиев, Субанов Айбек, Скорняков Андрей, Гүлмира Усубалиева, Карачач Исмаилова, Элдар Мадылбеков, Дамира Ниязалиева жана Салтанат Сагидаевалар талапкер катары арыз беришкен.

No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Добуш берүү 28-майда болот. Ленин району боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин белгилүү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Сауд Арабия 130 млн доллар каражат бөлөт

Саудиялык өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 130 млн доллар каражат бөлөт. Ал Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоо жана курулуш тармагын каржылоо багытына жумшалат. Мындай маалыматты каржы министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Министр Алмаз Бакетаев Саудиялык өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолугушуп, келишимге кол коюшту. Тактап айтканда, Талас облусунун 92.9 км жолу оңдоп […]

Сизге жагышы мүмкүн