Ленин округундагы шайлоого канча каражат сарпталды?

Автор

Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча  Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоону өткөрүүгө бюджеттен 15 млн 413,9 миң сому чыгымдалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.

Маалыматка ылайык,  шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө чыгымдардын сметасына ылайык 18 млн 636,5 миң бөлүнүп, анын ичинен 15 млн 413,9 миң сому чыгымдалды.

Пайдаланылбай калган каражат 3 млн 222,6 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, шайлоочулардын акыркы тизмесине киргизилген бир шайлоочуга кеткен чыгым 123 сом 40 тыйынды (15 413 863 сом/124 908 шайлоочу) түздү.

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өттү. Алдын ала маалымат боюнча, Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо Дамира Ниязалиева жеңип чыккан.

 

Бирок, 29-майда БШК Дамира Ниязалиева тарабынан шайлоочулардын добушун сатып алуу мүмкүндүгү тууралуу билдирүү түшкөнүн маалымдаган. Кийин аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

 

Мындан тышкары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети добуш сатып алуу фактысы боюнча талапкер Улан Сариевге кылмыш ишин козгогон.

Бөлүшүү:
Next Post

Жаратылышты өнүктүрүү фондунан эки киши кармалды

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин мурдагы орун басары И.Б.М., министрликтин Чүй облустук башкармалыгынын азыркы директору К.Т.К. кармалганын УКМК кабарлады. Алар жаратылышты өнүктүрүү фондундагы коррупциялык схемага тиешеси бар деп шектелүүдө. 15-июнь күнү долбоорлорду кароо жана аларды бюджеттен каржылоо боюнча эксперттик комиссиянын туруктуу мүчөсү  К.Т.К Кыргызстандан чыгып баратканда «Ак-Жол автожол» […]

Сизге жагышы мүмкүн