Борбордук шайлоо комиссиясынын 9-августтагы маалыматына ылайык, Бишкектеги бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга 26 адам арыз берди.
Боршайком өткөн аптанын аягынан тартып тиешелүү документтериринин баарын тапшырып, күрөөгө 100 миң сом төлөгөндөрдү каттай баштаган.
Кайра шайлоого арыздарды кабыл алуу 10-августта, ал эми талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт.