Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга эки талапкерден арыз түштү.
– 33 жаштагы активист Эртай Искаков;
– 29 жаштагы коомдук ишмер Аскар Алмаз улуу.
Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт.