Лейлек маданият бөлүмүндө жасалма ведомосттор аркылуу 6,5 млн сом уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Баткен облусунун Лейлек районунун прокуратурасы тарабынан Лейлек райондук маданият бөлүмүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө 2022-2024-жылдары бөлүмдүн башкы эсепчиси жасалма ведомосттор аркылуу 6 млн 523 миң 917 сом акча каражатын кымырып алгандыгы аныкталган.
Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан КРКылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.