Легионеллез менен ооругандардын саны өсүүдө

Автор

Польшада легионеллез менен ооругандардын саны өсүүдө. Маалыматтарга караганда буга чейин 150дөн ашык адамга инфекция жуккан, 14 адам көз жумган.
Польшанын түштүгүндө катталган эпидемия өлкөнүн башка аймактарына активдүү жайыла баштады.
Буга чейин 113 адам жуктуруп, 8 адам каза болгону кабарланган.
Курч жугуштуу оору катуу ысытма, жалпы интоксикация, өпкө, борбордук нерв системасы, тамак сиңирүү органдарынын жабыркашы менен пайда болот. Инфекциянын булагы шаардын суу түтүктөрү экени болжолдонууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Ошто Ордо оюну боюнча мелдештер уланууда

Ош шаарында жайгашкан Акматбек Сүйүнбаев атындагы борбордук стадиондо президенттин кубогунун алкагында ордо оюну боюнча беттештер башталды. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдештер 31-август – Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына арналган. Мелдешке жалпы Бишкек шаары, Ысык-Көл, Талас, Чүй, Ош, Ош шаары, Жалал-Абад облусунан жана Тажикстандан келген командалар катышып жатат. Финалдык беттештер 31-августта […]

Сизге жагышы мүмкүн